# Көк-Таш айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 24-июлундагы № 7/9 “Айылдык аймактын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы өзүнүн менчик автоунаасын кызматтык сапарына пайдалануусуна жергиликтүү бюджеттин эсебинен компенцассия төлөп берүүгө каражат кароо жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Көк-Таш айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 24-июлундагы № 7/9 “Айылдык аймактын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы өзүнүн менчик автоунаасын кызматтык сапарына пайдалануусуна жергиликтүү бюджеттин эсебинен компенцассия төлөп берүүгө каражат кароо жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 7/9
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/408137>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-44903/edition/876656/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көк-Таш айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 24-июлундагы № 7/9 “Айылдык аймактын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы өзүнүн менчик автоунаасын кызматтык сапарына пайдалануусуна жергиликтүү бюджеттин эсебинен компенцассия төлөп берүүгө каражат кароо жөнүндө” токтому (24.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/408137

---

КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ V чакырылыштагы VII сессиясы

2017-жылдын 24-июлу № 7/9 “Айылдык аймактын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы өзүнүн менчик автоунаасын кызматтык сапарына пайдалануусуна жергиликтүү бюджеттин эсебинен компенцассия төлөп берүүгө каражат кароо жөнүндө” Бул маселе боюнча Көк-Таш айылдык Кеңешинин Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы № 186 токтомун турмушка ашыруу максатында Көк-Таш айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы № 672 токтомунун негизинде, айылдык аймактын ФЭБ башчысы А.Маматовго өзүнүн менчик автоунаасын бир айда 8 ( сегиз жолу) Ала-Бука районунун борборуна барып келүү кызматтык сапарына пайдалануусуна компенцассия төлөп берүү максатында, Көк-Таш айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 2017-жыл үчүн айына 12.500 ( он эки миң беш жүз ) сом каражат кароого макулдук берилсин. ( тиркеме тиркелет )

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин WWW. gamsumo.gov. kg веб-сайтына жарыялансын.

3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

Төрага

Н. Жакыев
