Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Көк-Таш айылдык Кеңешинин “Айылдык аймактын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы өзүнүн менчик автоунаасын кызматтык сапарына пайдалануусуна жергиликтүү бюджеттин эсебинен компенцассия төлөп берүүгө каражат кароо жөнүндө” токтому
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ V чакырылыштагы VII сессиясы
2017-жылдын 24-июлу № 7/9 “Айылдык аймактын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы өзүнүн менчик автоунаасын кызматтык сапарына пайдалануусуна жергиликтүү бюджеттин эсебинен компенцассия төлөп берүүгө каражат кароо жөнүндө” Бул маселе боюнча Көк-Таш айылдык Кеңешинин Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы № 186 токтомун турмушка ашыруу максатында Көк-Таш айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы № 672 токтомунун негизинде, айылдык аймактын ФЭБ башчысы А.Маматовго өзүнүн менчик автоунаасын бир айда 8 ( сегиз жолу) Ала-Бука районунун борборуна барып келүү кызматтык сапарына пайдалануусуна компенцассия төлөп берүү максатында, Көк-Таш айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 2017-жыл үчүн айына 12.500 ( он эки миң беш жүз ) сом каражат кароого макулдук берилсин. ( тиркеме тиркелет )
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин WWW. gamsumo.gov. kg веб-сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага
Н. Жакыев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы № 186 "«Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын…Постановление · 20.03.2012 · № 186
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы №672 "Менчик жеңил автомобилдерди кызматтык сапарларга пайдалангандык үчүн компенсациянын нормалары жөнүндө" токтомуПостановление · 18.09.2006 · № 672