# Көк-Таш айылдык кеңешинин 2017-жылдын 24-июлундагы № 7/8 “Жалгыз-Өрүк айылынын тургуну Курманкулов Тургуналынын арызын канааттандыруу жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Көк-Таш айылдык кеңешинин 2017-жылдын 24-июлундагы № 7/8 “Жалгыз-Өрүк айылынын тургуну Курманкулов Тургуналынын арызын канааттандыруу жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 7/8
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/408136>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-44902/edition/876658/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көк-Таш айылдык кеңешинин 2017-жылдын 24-июлундагы № 7/8 “Жалгыз-Өрүк айылынын тургуну Курманкулов Тургуналынын арызын канааттандыруу жөнүндө” токтому (24.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/408136

---

КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ V чакырылыштагы VII сессиясы

2017-жылдын 24-июлу № 7/8 “Жалгыз-Өрүк айылынын тургуну Курманкулов Тургуналынын арызын канааттандыруу жөнүндө” Бул маселе боюнча Көк-Таш айылдык Кеңешинин Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы № 186 токтомун турмушка ашыруу максатында Көк-Таш айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Жалгыз-Өрүк айылынын тургуну Курманкулов Тургуналынын 2017-жылдын

10-июлдагы № 5 сандуу арызын канааттандыруу, материалдык жардам берүү максатында Көк-Таш айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин резервдик фондунан 15.000 ( он беш миң ) сом каражат кароого макулдук берилсин.

2.Каражатты бөлүп берүү жагы айыл өкмөт башчысы Р.Эргешовго тапшырылсын.

3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин WWW. gamsumo.gov. kg веб-сайтына жарыялансын.

4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

Төрага

Н. Жакыев
