Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Көк-Таш айылдык Кеңешинин «Айылдык аймактагы айыл чарба жана турмуш-тиричилик багыттарында түрдүү жумуштарды аткарып, калктын көйгөйлүү маселелерин чечүү максатында Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондунун каражатынын эсебинен техника сатып алуу жөнүндө” токтому
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ V чакырылыштагы VII сессиясы
2017-жылдын 24-июлу № 7/3 «Айылдык аймактагы айыл чарба жана турмуш-тиричилик багыттарында түрдүү жумуштарды аткарып, калктын көйгөйлүү маселелерин чечүү максатында Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондунун каражатынын эсебинен техника сатып алуу жөнүндө” Бул маселе боюнча Көк-Таш айылдык Кеңешинин бюджет, каржы, экономика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы № 186 токтомун турмушка ашыруу максатында Көк-Таш айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Айылдык аймакта айыл чарба жана турмуш тиричилик багыттарында түрдүү жумуштарды аткарып, жергиликтүү калктын көйгөйлүү маселелерин чечүү максатында, Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондунун каражатынын эсебинен спец-техника сатып алууга макулдук берилсин.
2.Спецтехника сатып алууга долбоор даярдоо үчүн демилгелүү топ түзүп, иш алып баруу айыл өкмөт башчысы Р.Эргешовго тапшырылсын.
3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин WWW. gamsumo.gov. kg веб-сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага
Н. Жакыев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.