# Будалык айылдык кеңешинин 2017-жылдын 9.- февралындагы № 10/4 "«Будалык айыл өкмөтүнүн аймагындагы бала бакчаларга ата-энелерден алынуучутөлөмдөрдүн суммасын 2017-жыл жана андан кийинки жылдар үчүн белгилөө жөнүндө» токтому

- Толук аталышы: Будалык айылдык кеңешинин 2017-жылдын 9.- февралындагы № 10/4 "«Будалык айыл өкмөтүнүн аймагындагы бала бакчаларга ата-энелерден алынуучутөлөмдөрдүн суммасын 2017-жыл жана андан кийинки жылдар үчүн белгилөө жөнүндө» токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 10/4
- Кабыл алынган күнү: 09.02.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.02.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/408056>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-44822/edition/874337/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.02.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Будалык айылдык кеңешинин 2017-жылдын 9.- февралындагы № 10/4 "«Будалык айыл өкмөтүнүн аймагындагы бала бакчаларга ата-энелерден алынуучутөлөмдөрдүн суммасын 2017-жыл жана андан кийинки жылдар үчүн белгилөө жөнүндө» токтому (09.02.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/408056

---

БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 6 ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ 10 ЗАСЕДАНИЕСИ

2017-жылдын 9.- февралы № 10/4 «Будалык айыл өкмөтүнүн аймагындагы бала бакчаларга ата-энелерден алынуучутөлөмдөрдүн суммасын 2017-жыл жана андан кийинки жылдар үчүн белгилөө жөнүндө» Будалык айыл өкмөтүнө караштуу Октябрь айылындагы № 19 “Шалбаа“бала бакчасынын ата энелер чогулушунун 26.01.2015-жылдагы № 2 жана Кара-Суу айылындагы № 20 Ш.Айткулов атындагы бала бакчаларынын тарбиялануучуларынын ата энелеринен алынуучу төлөмдөр жөнүндө ата энелер чогулушунун 18.01 2017-жылдагы төлөмдөр жөнүндө чогулушунун № 2 протоколу менен таанышып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү” Мыйзамынын 5-главасынын 22-беренесине таянып, Будалык айылдык кенеши Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Будалык айыл өкмөтүнүн Октябрь айылындагы № 19 “Шалбаа “ жана № 20 “Ш.Айткулов“ атынданы бала бакчаларынын тарбиялануучуларынын ата-энелеринен алынуучу төлөмдөр 300(үч жүз) сом өлчөмүндө белгиленсин.

2. Будалык айыл өкмөтүнүн Октябрь айылындагы № 19 “Шалбаа “ жана № 20 “Ш.Айткулов атындагы бала бакчаларынын ата энелеринен алынуучу төлөмдөрдү өз убагында топтоп мыйзам чегинде иштетүү бала бакчалардын башчылары Чолпон Осмонова жана Шайыргүл Бекмаматовага милдеттендирилсин.

3. 2017-жылдын жана андан кийинки жылдардын июль,август айларында тарбиялануучу балдар үчүн айыл шартына байланыштуу 2 ай каникул берилсин жана ата энелер төлөмдөрдөн бошотулсун.

4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Будалык айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы А. Кудайбердиевге милдеттендирилсин

Төрага

С.Рахматов.
