Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Будалык айылдык кенешинин 2017-жылдын 09- февралындагы № 10/2 «Будалык айылдык округунун 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылга карата бюджети жөнүндө» токтому
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 6 ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ 10 ЗАСЕДАНИЕСИ
2017-жылдын 09- февралы № 10/2 «Будалык айылдык округунун 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылга карата бюджети жөнүндө.» Будалык айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 3-главасынын 18-беренесинин 3-болүмчөсүнө жана 4-главасынын 31-беренесинин 2-бөлүмчөсүнө, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү Мыйзамынын 1-бөлүмүнүн 13-беренесине ылайык Будалык айылдык Кенеши Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Будалык айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы киреше бөлүгү 5451,0 миң сом жана чыгаша бөлүгү9126,5 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 2017-жылга айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүнө тендөөчү гранттан 5634,2миң сом жана өздүк киреше 915,9 мин сом,анын ичинен атайын каражаттан160,0сом, жалпысынан 6550,1мин сом, чыгаша бөлүктөрүнө 6550.1миң сом бекитилсин.
3. Маданият тармагына бөлүнгөн ар түрдүү чыгымдардан 100,0 миң сом айыл өкмөтүнө даталуу күндөргө жана майрамдык ишчараларга жумшалсын.
4. Айылдык кенештин төрагасына 5455 сом эмгек акы төлөп берүү үчүн бекитилсин.
5. Будалык айы өкмөтүнүн бюджети 2018-жылга 6745,8 сом, 2019-жылга 7162,0 сом долбоорлонсун.
6. Будалык айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан мектептерге жана мекемелерге бюджетке каралган акча каражаттары беренелер боюнча жумшалышын камсыз кылуу, отчет учет иштерин убагында жүргүзүп айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнө тапшыруу жагы мекеме башчыларына жана мектеп директорлоруна, чарбалык иштер боюнча орун басарларына милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет саясий-экономикалык маселелер пландоо, бюджет жана салык маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага
С.Рахматов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
- Об объединении Ляйлякского района и города Сулюкта Ошской области Кыргызской Республики в единую административно-территориальную единицуЗакон · 30.09.1998 · № 127 · Күчүн жоготкон