# Мырза-Аке айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 28-апрелиндеги № 152 «Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн аймагындагы Адыр ,Бабыр ,Мырза-Аке айылдарынын калктты таза суу менен камсыздоочу системаларын айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп алуу жөнүндө» токтому

- Толук аталышы: Мырза-Аке айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 28-апрелиндеги № 152 «Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн аймагындагы Адыр ,Бабыр ,Мырза-Аке айылдарынын калктты таза суу менен камсыздоочу системаларын айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп алуу жөнүндө» токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 152
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.04.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/408047>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-44813/edition/870214/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мырза-Аке айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 28-апрелиндеги № 152 «Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн аймагындагы Адыр ,Бабыр ,Мырза-Аке айылдарынын калктты таза суу менен камсыздоочу системаларын айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп алуу жөнүндө» токтому (28.04.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/408047

---

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги XIV сессиясы

2018-жылдын 28-апрели № 152

«Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн аймагындагы Адыр ,Бабыр ,Мырза-Аке айылдарынын калктты таза суу менен камсыздоочу системаларын айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп алуу жөнүндө» Мырза-Аке айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XIII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап ,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы № 59 токтомуна ылайык Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн аймагындагы Адыр ,Бабыр ,Мырза-Аке айылдарынын калктты таза суу менен камсыздоочу системаларын айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп алуу максатында Мырза-Аке айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: Негизги каражатттардын мүлкттүк комплекске киргизилген техникалык паспорттоштуруу Актысына ылайык : -негизги каражаттардын баштапкы баасы 11184278 сом

- негизги каражаттардын эскирүү суммасы 4657455 сом

- жер участогунун суммасы (6178 кв.м) 716470 сом

- негизги каражаттардын калдык наркы 6526823 сомду

түзүп, Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн аймагындагы Адыр ,Бабыр ,Мырза-Аке айылдарынын калктты таза суу менен камсыздоочу системалары айыл өкмөтүнүн балансына ( муниципалдык менчик ) өткөрүп берилсин. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн аймагындагы Адыр ,Бабыр ,Мырза-Аке айылдарынын калктты таза суу менен камсыздоочу системаларын айыл өкмөтүнүн балансына ( муниципалдык менчиикке ) өткөрүп алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовко милдеттендирилсин.

Төрага

А.Кимсанов
