# Ош шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 26-декабрындагы № 104 "Ош шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 26-декабрындагы № 104 "Ош шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 26.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.12.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/407048>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-44716/edition/880636/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/407048.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 26-декабрындагы № 104 "Ош шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө" токтому (26.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/407048

---

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ош шаардык Кеңешинин кезектеги X сессиясы (IV чакырылыш)

2017-жылдын 26-декабры № 104 Ош шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө

Ош шаарынын мэриясынын «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча комиссиясынын 2017-жылдын 26-октябрындагы №2 протоколун, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 13-ноябрындагы «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү №29 токтомун карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин 2007-жылдын 15-февралындагы №203 токтому менен бекитилген «Ош шаарынын Ардактуу атуулу жөнүндө» Жобосуна ылайык, «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча эсептөө комиссиясынын 2017-жылдын 26-декабрындагы №2 протоколунун негизинде, Ош шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Атамбаев Алмазбек Шаршеновичке «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.

2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.

Төрага

Ж. Ормонов
