Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык Кеңешинин «Ош шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө» токтому
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ош шаардык Кеңешинин кезектеги X сессиясы (IV чакырылыш)
2017-жылдын 26-декабры № 104 Ош шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча комиссиясынын 2017-жылдын 26-октябрындагы №2 протоколун, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 13-ноябрындагы «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү №29 токтомун карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин 2007-жылдын 15-февралындагы №203 токтому менен бекитилген «Ош шаарынын Ардактуу атуулу жөнүндө» Жобосуна ылайык, «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча эсептөө комиссиясынын 2017-жылдын 26-декабрындагы №2 протоколунун негизинде, Ош шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Атамбаев Алмазбек Шаршеновичке «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрага
Ж. Ормонов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.