# Нарын шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 27-апрелиндеги № 8 "Нарын шаарынын 1-вице мэрин дайындоого макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Нарын шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 27-апрелиндеги № 8 "Нарын шаарынын 1-вице мэрин дайындоого макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 27.04.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.04.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/407012>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-44680/edition/880446/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.04.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нарын шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 27-апрелиндеги № 8 "Нарын шаарынын 1-вице мэрин дайындоого макулдук берүү жөнүндө" токтому (27.04.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/407012

---

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХV СЕССИЯСЫ

2018-жылдын 27-апрели № 8 Нарын шаарынын 1-вице мэрин дайындоого макулдук берүү жөнүндө

Нарын шаардык Кеңешинин «Биримдик» көпчүлүк коалициясынын жана Нарын шаардык мэриясынын сунуштарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 4-бөлүмүнө, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин 4-главасынын 4.4-бөлүмчөсүнө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-июнундагы №329 токтому менен бекитилген «Муниципалдык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына өзгөчө тартипте (сынактан тышкары) кирүүнүн типтүү эрежелерине» ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 4-бөлүмүнө, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин 4-главасынын 4.4-бөлүмчөсүнө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-июнундагы №329 токтому менен бекитилген «Муниципалдык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына өзгөчө тартипте (сынактан тышкары) кирүүнүн типтүү эрежелерине» ылайык, сессияга катышкан 28 депутаттын 19 добушуна ээ болгон «Кыргызстан» фракциясынан депутат Курманов Давид Усенбековичти Нарын шаарынын 1-вице мэри кызмат ордуна дайындоого макулдук берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

Төрага

Ж. Ботоканов
