Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Нарын шаардык кеңешинин «Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» зоналарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХV СЕССИЯСЫ
2018-жылдын 27-апрели № 2 Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» зоналарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Нарын шаарынын тургуну, жеке ишкер С.Калидулдаев Нарын шаарындагы Ленин 105 «а» көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 4005,0 чарчы метр жер аянтына (мал базар), Нарын шаарынын тургундарын турак жай менен камсыз кылуу максатында 5 кабаттуу 80 квартиралуу турак жай куруу жана П-1 зонасынан Ц-2 зонасына которуп берүү боюнча Нарын шаардык Кеңешине тиешелүү мекемелердин көп кабаттуу үйлөрдү курууга макулдук корутундуларын тиркеп кайрылган арызынын негизинде жана Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесине», шаардык Кеңештин алдындагы «Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура курулуш, отун, энергетика, транспорт, экология боюнча» туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык шаардык Кеңештин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаарындагы Ленин 105 «а» көчөсүндө жайгашкан 4005,0 чарчы метр жер аянтын же кыймылсыз мүлкүн жеке ишкер Б.Жээналиев, жеке ишкер С.Калидулдаевге белекке берүү жөнүндөгү өз ара түзгөн келишимдери жана мекемелерден көп кабаттуу турак жай курууга макулдук берген бүтүмдөрү эске алынсын.
2. Нарын шаарынын Ленин 105 «а» көчөсүндө жайгашкан мал базарынын 4005,0 чарчы метр жер аянтты депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин 4-июнь 2004-жылдагы №2 токтому менен бекитилген Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» көрсөтүлгөн зонасына өзгөртүү киргизилип, аталган жер аянты П-1 (өнөр-жай жана өндүрүш ишканалардын зонасы) зонасынан Ц-2 (жергиликтүү тейлөө борборунун жана коммерциялык активдүүлүктүн зонасы) зонасына которулуп берилсин.
3. Ц-2 (жергиликтүү маанидеги тейлөө борбору жана соода-сатык зонасы) зонасында жайгашкан 4005,0 чарчы метр жер аянтына 5 кабаттуу 4 корпустан турган 80 батирлүү менчик турак жайларды куруп бүткөрүү ишин жеке ишкер С. Калидулдаев өз милдетине алгандыгы белгиленсин.
4. Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» көрсөтүлгөн зонасына өзгөртүү киргизилгендигин каттоодон өткөрүү Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасына тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Муниципалдык менчик жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура курулуш, отун, энергетика, транспорт, экология боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
Ж. Ботоканов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.