# Долоно айылдык кеңешинин 2017-жылдын 28-декабрындагы №35 "Долоно айыл аймагынын Ак-Жар айылынын тургуну Жолдошова Калыйманды «Баатыр Эне» орденине сунуштоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Долоно айылдык кеңешинин 2017-жылдын 28-декабрындагы №35 "Долоно айыл аймагынын Ак-Жар айылынын тургуну Жолдошова Калыйманды «Баатыр Эне» орденине сунуштоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 28.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/406991>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-44659/edition/904233/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Долоно айылдык кеңешинин 2017-жылдын 28-декабрындагы №35 "Долоно айыл аймагынын Ак-Жар айылынын тургуну Жолдошова Калыйманды «Баатыр Эне» орденине сунуштоо жөнүндө" токтому (28.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/406991

---

ДОЛОНО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Долоно айылдык кеңешинин чакырылышынын кезектеги сессиясы

2017-жылдын 28-декабры №35 Долоно айыл аймагынын Ак-Жар айылынын тургуну Жолдошова Калыйманды «Баатыр Эне» орденине сунуштоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 10-июлундагы «Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндөгү» №234 жарлыгына жана «Баатыр Эне» ордени статусу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 11-июнундагы №80 мыйзамына таянып Долоно айыл кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Долоно айыл аймагынын Ак-Жар айылынын тургуну, 7 баланы тарбиялап өстүргөн Жолдошова Калыйман «Баатыр Эне» орденине сунушталсын.

2.Токтомду бекитип берүү жагы Талас райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

Тѳрага

Ө. Боркеев
