# Бекмолдо айылдык кеңешинин 2018-жылдын 01-июнундагы №45 "Бекмолдо айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин жазган кайрылуусу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бекмолдо айылдык кеңешинин 2018-жылдын 01-июнундагы №45 "Бекмолдо айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин жазган кайрылуусу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 01.06.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.06.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/406869>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-44537/edition/899142/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.06.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бекмолдо айылдык кеңешинин 2018-жылдын 01-июнундагы №45 "Бекмолдо айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин жазган кайрылуусу жөнүндө" токтому (01.06.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/406869

---

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Бекмолдо айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз сессиясы

2018-жылдын 01-июну №45 Бекмолдо айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин жазган кайрылуусу жөнүндө

Бекмолдо айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин жазган кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып ,айылдык Кенештин кезексиз сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бекмолдо айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин жазган кайрылуусу канааттандырылсын.

2. Бекмолдо айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине КР №258.”Оор жумушта жана зыяндуу же эмгек шарттары кооптуу жумуштары үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жонүндө” 27.04.2015-жылдагы токтому жана КР Эмгек кодексинин 164-беренеси ылайык “ өзгөчө шарттагы эмгекке акы төлөө” жагын тактап жана мыйзам чегинде төлөп берүү жагы каралсын.

3. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Молдобековго милдеттендирилсин.

Тѳрага

А. Ибраимов
