# Жекенди айылдык кеңешинин 2017-жылдын 12-декабрындагы №11/3 "Жекенди айылдык аймагына караштуу айыл чарба багытындагы жер салыгын бир эсе көтөрүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Жекенди айылдык кеңешинин 2017-жылдын 12-декабрындагы №11/3 "Жекенди айылдык аймагына караштуу айыл чарба багытындагы жер салыгын бир эсе көтөрүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 11/3
- Кабыл алынган күнү: 28.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.12.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/406817>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-44485/edition/898662/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жекенди айылдык кеңешинин 2017-жылдын 12-декабрындагы №11/3 "Жекенди айылдык аймагына караштуу айыл чарба багытындагы жер салыгын бир эсе көтөрүү жөнүндө" токтому (28.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/406817

---

ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Жекенди айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XI сессиясы

2017-жылдын 12-декабры №11/3 Жекенди айылдык аймагына караштуу айыл чарба багытындагы жер салыгын бир эсе көтөрүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 16-мартындагы № 51, 2014-жылы 31-декабрь № 182, 2016-жылдын 12-августундагы № 167 Мыйзамдарынын редакцияларынын Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 337-беренесинин Айыл чарба жерлеринин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкаларынын 6-пункутуна ылайык Жекенди айылдык Кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жекенди айылдык аймагынын айыл чарба багытындагы жер салыгын айыл чарбасынын жерлерин пайдалангандыгы үчүн базалык ставкасы 2018-жылга чейин 1 га жерге 91 сом 50 тыйын болсо, 2018-жылдын 1-январынан тартып 1 га жерге 183 сом болуп бекитилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын ишке ашыруу жагы Жекенди айылдык аймагынын улук салык инспектору А.Эшовго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өнөр-жай, курулуш, транспорт, соодо байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Кошоевге тапшырылсын.

Тѳрага

С. Халилов
