# Капчыгай айылдык кеңешинин 2018-жылдын 02-майындагы №8.2 "Капчыгай айыл аймагынын Кара-Таш айылындагы маданият үйүнө ат коюу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Капчыгай айылдык кеңешинин 2018-жылдын 02-майындагы №8.2 "Капчыгай айыл аймагынын Кара-Таш айылындагы маданият үйүнө ат коюу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 8.2
- Кабыл алынган күнү: 02.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.05.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/406793>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-44461/edition/898212/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.05.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Капчыгай айылдык кеңешинин 2018-жылдын 02-майындагы №8.2 "Капчыгай айыл аймагынын Кара-Таш айылындагы маданият үйүнө ат коюу жөнүндө" токтому (02.05.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/406793

---

КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Капчыгай айылдык кеңешинин VI шайланган кезексиз сессиясы

2018-жылдын 02-майы №8.2 Капчыгай айыл аймагынын Кара-Таш айылындагы маданият үйүнө ат коюу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467-токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы географиялык обьектилерди атоо, алардын атын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндөгү» Жобону жетекчиликке алып Капчыгай айыл аймагынын Кара-Таш айылындагы маданият үйүнө ат коюу боюнча 02.05.2018-жылдагы Кара-Таш айылынын элдик жыйынын протоколунун чечимин угуп жана талкуулап Капчыгай айылдык Кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Капчыгай айыл аймагынын Кара-Таш айылындагы маданият үйүнө ат коюу боюнча 02.05.2018- жылдагы Кара-Таш айылынын элдик жыйынын сунушу жактырылсын.

2. Капчыгай айыл аймагынын Кара-Таш айылынын маданият үйүнө Төлөгөн Аматовдун ысымы берилип, «Аматов Төлөгөн атындагы Кара-Таш маданият үйү» деп аталсын.

3. Аматов Төлөгөн атындагы Кара-Таш маданият үйүнүн муктаждыктарын толуктоо жагы Аматовдордун үй бүлөөсүнө жүктөлсүн.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга жана айыл өкмөттүн аппаратына тапшырылысын.

Тѳрага

П. Сайдилканова
