# Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 03-апрелиндеги №54 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 13.09.2013-жылдагы №515 “Мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга жайыт ресурстарын пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндөгү” токтомунун негизиндеги" тооктому

- Толук аталышы: Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 03-апрелиндеги №54 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 13.09.2013-жылдагы №515 “Мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга жайыт ресурстарын пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндөгү” токтомунун негизиндеги" тооктому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.04.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/406697>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-44365/edition/896239/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 03-апрелиндеги №54 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 13.09.2013-жылдагы №515 “Мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга жайыт ресурстарын пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндөгү” токтомунун негизиндеги" тооктому (03.04.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/406697

---

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын VI сессиясы

2018-жылдын 03-апрели №54 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 13.09.2013-жылдагы №515 “Мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга жайыт ресурстарын пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндөгү” токтомунун негизинде

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү VI сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 13.09.2013-жылдагы № 515 “Мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга жайыт ресурстарын пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Жайыт жерин башка максатта пайдалануучулардан 435,0 (төрт жүз отуз беш миң) сом кошумча каражат табуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Э.М.Мутуевге милдеттендирилсин.

2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жайыт комитети кошумча каражаттан төмөнкү акча каражаттын жумшоо жагы белгиленсин.

Атайын техниканын майлоочу жана күйүүчү майына 40.0 миң сом. Сапар чыгымына 15,0 миң сом Ар кандай чыгымга 4,5 миң сом Ар кандай жарыяларга 5,0 миң сом Жайыттарды жакшыртууга 210,0 миң сом

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл Кеңешинин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономика байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

4. Бул токтом www.kyzyl-ozgorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

Тѳрага

Г.Б.Сманова
