# Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин 2017-жылдын 20-сентябрындагы №6-8 "Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан айылындагы Чал-Таш бөлүмүндөгү 124,00 га жер аянтына берилген ОАО «Газ Пиримге» 25.07.2011-жылы № 2983 ТР лицензиясын жокко чыгаруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин 2017-жылдын 20-сентябрындагы №6-8 "Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан айылындагы Чал-Таш бөлүмүндөгү 124,00 га жер аянтына берилген ОАО «Газ Пиримге» 25.07.2011-жылы № 2983 ТР лицензиясын жокко чыгаруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 6-8
- Кабыл алынган күнү: 20.09.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.09.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/406439>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-44107/edition/892432/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.09.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин 2017-жылдын 20-сентябрындагы №6-8 "Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан айылындагы Чал-Таш бөлүмүндөгү 124,00 га жер аянтына берилген ОАО «Газ Пиримге» 25.07.2011-жылы № 2983 ТР лицензиясын жокко чыгаруу жөнүндө" токтому (20.09.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/406439

---

Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Т.Кулатов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

2017-жылдын 20-сентябры №6-8

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан айылындагы Чал-Таш бөлүмүндөгү 124,00 га жер аянтына берилген ОАО «Газ Пиримге» 25.07.2011-жылы № 2983 ТР лицензиясын жокко чыгаруу жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Р.Ураимовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы жөнүндө» 2014-жылдын 24-май № 77 мыйзамынын 27-беренесинин 1 пунктунун 6-подпунктуна жана 3 пунктун 5 подпунктуна таянып, депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан айылындагы Чал-Таш бөлүмүндөгү 124,00 га жер аянтына берилген ОАО «Газ Пиримге» 25.07.2011-жылы № 2983 ТР «Базальт» кенин казуу үчүн лицензиясын жокко чыгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына кароо үчүн жолдомо жиберилсин.

2. Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына кароо үчүн жолдомо жиберүү жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиянын курамына тапшырылсын.

Тѳрага

А. Топчубаев
