# Ак-Моюн айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 1-февралы №1/2 “Жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Ак-Моюн айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 1-февралы №1/2 “Жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1/2
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.02.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/406339>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-44007/edition/892194/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.02.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Моюн айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 1-февралы №1/2 “Жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө” токтому (01.02.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/406339

---

АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2018-жылдын 1-февралы №1/2 Жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 3-март 2014-жылдын №114 токтому менен бекиген Жобого ылайык “Кыргызмамжердолбоор” долбоорлоо институтунун Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясынын Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын карап, талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин негизинде Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 05.04.2017-жылдагы №37-б буйругу менен түзүлгөн жер фондусун инвентаризациялоо жөнүндөгү жумушчу топ комиссиясынын 16.01.2018-жылдагы Актысы бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнөн суралсын.

Тѳрага

К. Асаналиев
