# Достук айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 16-апрелиндеги №27 "Достук айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XVII чакырылышындагы I кезектеги сессиясынын №20 токтомундагы 3,4 бөлүмүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Достук айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 16-апрелиндеги №27 "Достук айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XVII чакырылышындагы I кезектеги сессиясынын №20 токтомундагы 3,4 бөлүмүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 27
- Кабыл алынган күнү: 16.04.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.04.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/406288>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-43956/edition/882426/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.04.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Достук айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 16-апрелиндеги №27 "Достук айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XVII чакырылышындагы I кезектеги сессиясынын №20 токтомундагы 3,4 бөлүмүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (16.04.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/406288

---

ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Достук айылдык Кеңешинин XVII чакырылышынын кезексиз III сессиясы

2018-жылдын 16-апрели №27 Достук айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XVII чакырылышындагы I кезектеги сессиясынын №20 токтомундагы 3,4 бөлүмүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын ϴкмөтүнүн 2018-жылынын 5-февралындагы «Кыргыз Республикасынын ϴкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы №6 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципиалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө №80 токтомуна ылайык ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын ϴкмөтүнүн 2018-жылынын 5-февралындагы «Кыргыз Республикасынын ϴкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы №6 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципиалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө №80 токтому жетекчиликке жана аткарууга алынсын

2. 2018-жылдын 19-январындагы Достук айыл аймагынын айылдык Кенешинин XVII чакырылышындагы I кезектеги сессиясынын №20 токтомундагы 3, 4 бөлүмдөрүнө төмөдөгүдөй өзгөртүү киргизилсин

3. Достук айыл өкмөтүндө берилүүчү төмөндөгү маалымкаттар акысыз берилсин:

-жашаган жеринен маалымкат берүү -үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалымкат берүү -бодо малдын болушу жөнүндө маалымкат берүү -майда жандыктын болушу жөнүндө маалымкат берүү

4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилсин.

5. Бул токтомду аткаруу жагы Достук айылынын жооптуу катчысы А.Байбековага милдеттендирилсин

6.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Достук айылдык Кенешине жүктөлсүн,

Тѳрага

К. Өмүрканов
