# Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 17-ноябрындагы №01-05/65 "2018-2022-жылдарга Кочкор-Ата шаарынын өнүгүү программасын ишке ашыруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 17-ноябрындагы №01-05/65 "2018-2022-жылдарга Кочкор-Ата шаарынын өнүгүү программасын ишке ашыруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01-05/65
- Кабыл алынган күнү: 17.11.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.11.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/406200>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-43868/edition/875085/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.11.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 17-ноябрындагы №01-05/65 "2018-2022-жылдарга Кочкор-Ата шаарынын өнүгүү программасын ишке ашыруу жөнүндө" токтому (17.11.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/406200

---

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ 2017-жылдын 17-ноябрындагы №01-05/65 2018-2022-жылдарга Кочкор-Ата шаарынын өнүгүү программасын ишке ашыруу жөнүндө Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы № 194-токтому менен бекитилген концепцияны жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-сентябрындагы «Жаңы доорго кырк кадам» программасын ишке ашыруу боюнча № 602 токтомунун алкагында 2018-2022-жылдарга Кочкор-Ата шаарынын өнүгүү программасын ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун төрагасы, вице-мэр Немат уулу Жайнактын маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2018-2022-жылдарга Кочкор-Ата шаарынын өнүгүү программасын ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун төрагасынын маалыматы эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы № 194-токтому менен бекитилген концепцияны ишке ашыруу боюнча 2018-2022-жылдарга Кочкор-Ата шаарынын өнүгүү программасын ишке ашыруу боюнча өткөрүлгөн коомдук угуулардан өткөрүлүп даярдалган өнүгүү программасы алымча кошумчасы менен бекитилсин.

3. Кочкор-Ата шаарынын жылына кабыл алып келген жылдык иш-планын бекитүүдө 2018-2022-жылдарга Кочкор-Ата шаарынын өнүгүү программасынын приоритеттүү багыттарын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-сентябрындагы «Жаңы доорго кырк кадам» программасын ишке ашыруу боюнча № 602 токтомунда көрсөтүлгөн иш-пландын тийиштүү пункттары эске алынсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү мэр А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.

Төрага

Я.Т. Абдурахманов
