# Барпы айылдык кеңешинин 2017-жылдын 21-декабрындагы №7/19 "Барпы айылдык кеңешинин иш кагаздарын малекеттик тилде жүргүзүү боюнча" токтому

- Толук аталышы: Барпы айылдык кеңешинин 2017-жылдын 21-декабрындагы №7/19 "Барпы айылдык кеңешинин иш кагаздарын малекеттик тилде жүргүзүү боюнча" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 7/19
- Кабыл алынган күнү: 21.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.12.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/406173>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-43841/edition/875031/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Барпы айылдык кеңешинин 2017-жылдын 21-декабрындагы №7/19 "Барпы айылдык кеңешинин иш кагаздарын малекеттик тилде жүргүзүү боюнча" токтому (21.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/406173

---

БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ чакырылышынын VII сессиясы

2017-жылдын 21-декабрындагы №7/19

Барпы айылдык кеңешинин иш кагаздарын малекеттик тилде жүргүзүү боюнча Барпы айылдык кенешинин кезектеги VII сессиясынын күн тартибиндеги Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнөндөгү” мыйзамынын 26-беренесинин 1-1-бөлүкчөсүнө, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы №114-токтомуна ылайык, Барпы айылдык кеңешинин кезектеги VII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Барпы айылдык кеңешинин иш кагаздары жана токтомдору мамлекеттик тилде гана жазылсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Барпы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы; А.Салиевага милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап кучүнө кирет.

Төрага

У.А. Абдыкулов
