Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Сейдикум айыл аймагынын «Сейдикум айыл аймагынын Чон-Курулуш айылындагы 6.0 га запастагы жер аянтын “Калктуу конуштардын жерлери”категориясына которуу жөнүндө» токтому
СЕЙДИКУМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VII чакырылышынын VI сессиясы
2017-жылдын 29-мартындагы №5
Сейдикум айыл аймагынын Чон-Курулуш айылындагы 6.0 га запастагы жер аянтын “Калктуу конуштардын жерлери”категориясына которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин,Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 «Жер участокторун которуу(трансформациялоо)жөнүндө мыйзамынын(КР 2016-жылдын 19-мартындагы №21 мыйзамынын редакциясына ылайык)негизинде, Сейдикум айыл Өкмөтүнун жарандарынын арызынын негизинде, Сейдикум айылдык Кеңеши карап жана талкуулап ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сейдикум айыл аймагынын Чон-Курулуш айылындагы«Калктуу конуштун 6.0 га запастагы жер аянтын ,запастагы жерлер категориясынан,”Калктуу конуштун жерлери” категориясына Кыргыз Республикасынын Конститутциясынын, Жер Кодексинин, 13-беренесинин “Жер участокторун которуу(трансформациялоо) жөнүндө №145 мыйзамынын жана башка ченемдик-укуктук актылардын негизинде которулуп, турак-жай курууга бөлунуп берилсин .
2. Тийиштүү документтерди даярдап берүү жагы Базар-Коргон районунун жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккөукуктарды каттоо, Базар-Коргон районунун шаар куруу жана архитектура башкармалыктарынан суралсын.
3. Ушул токтомду аткаруу жагы жанаКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2005-жылдын 6-майындагыN 177- токтому менен бекитилген,жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобонун негизинде, Сейдикум айыл Өкмөтунун жарандарына жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участоктору тапшырган арыздарына ылайык, кезегине жараша иретин сактоо жагы, Сейдикум айыл өкмөтүнүн жер адисине жүктөлсүн.
4. Тийиштүү документтердин негизинде Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынан, аталган жер тилкесин калктуу конуш жер категориясына которуп берүү жагы суралсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сейдикум айылдык кенешинин Азык- тулук жана агрардык туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Б.М. Турсункулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 "Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 06.05.2005 · № 177
- Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөЗакон · 15.07.2013 · № 145 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон