# 9-статья. Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү каттоо жөнүндө маалыматтарды жарыялоо

- Документ: [Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/406)
- Толук аталышы: КР 2001-жылдын 19-февралындагы № 24 "Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 24
- Кабыл алынган күнү: 19.02.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/406/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-388/edition/1243777/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/406/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө, 9-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/406/st-9

---

Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган каттоого алуунун негизинде патенттик ишенимдүү өкүлгө күбөлүк берет жана интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чыгарган расмий бюллетенде патенттик ишенимдүү өкүлдүн катталгандыгы жөнүндө маалымат жарыялайт. Күбөлүктүн формасы менен жарыялануучу маалыматтардын курамы интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынат. Каттоого тиешелүү бардык өзгөртүүлөр менен толуктоолор жөнүндө маалыматтар, ошондой эле юридикалык жактын уставындагы өзгөртүүлөр менен толуктоолор расмий бюллетенде жарыяланат.

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/406/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/406/st-10)
