# 8-статья. Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү каттоо

- Документ: [Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/406)
- Толук аталышы: КР 2001-жылдын 19-февралындагы № 24 "Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 24
- Кабыл алынган күнү: 19.02.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 марта 2005 года № 58 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1653)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/406#diff=1243777..1243778>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/406/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-388/edition/1243777/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/406/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө, 8-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/406/st-8

---

Сыноодон ийгиликтүү өткөн адамдар каттоого алуу жөнүндө арыз берген жана алым төлөгөн күндөн тартып бир айдын ичинде интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан каттоого алынат. Аттестациялоо жөнүндө чечим аны кабыл алган күндөн тартып күчүнө кирет. Патенттик ишенимдүү өкүл кесиптик иштерин ишке ашыруу укугуна Реестрде каттоого алынган күндөн тартып ээ болот. Патенттик ишенимдүү өкүл катары ушул Мыйзамга ылайык каттоого алынбаган адамдар Кыргыз Республикасынын аймагында өз иш-аракетинде "патенттик ишенимдүү өкүл" деген аталыштан пайдаланууга укуктары жок. Каттоого тиешелүү маалыматтардагы бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө, ошондой эле юридикалык жактын уставындагы өзгөртүүлөр менен толуктоолор жөнүндө патенттик ишенимдүү өкүлдөр бир айлык мөөнөттүн ичинде интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлоого милдеттүү. Алым төлөнгөн учурда өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө Реестрге жана патенттик ишенимдүү өкүлдүн күбөлүгүнө жазылат. (КР 2005-жылдын 31-мартындагы № 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/406/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/406/st-9)
