8-статья. Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү каттоо
Күчүндө · 23.03.2023 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 31 марта 2005 года № 58
Сыноодон ийгиликтүү өткөн адамдар каттоого алуу жөнүндө арыз берген жана алым төлөгөн күндөн тартып бир айдын ичинде интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан каттоого алынат. Аттестациялоо жөнүндө чечим аны кабыл алган күндөн тартып күчүнө кирет. Патенттик ишенимдүү өкүл кесиптик иштерин ишке ашыруу укугуна Реестрде каттоого алынган күндөн тартып ээ болот. Патенттик ишенимдүү өкүл катары ушул Мыйзамга ылайык каттоого алынбаган адамдар Кыргыз Республикасынын аймагында өз иш-аракетинде "патенттик ишенимдүү өкүл" деген аталыштан пайдаланууга укуктары жок. Каттоого тиешелүү маалыматтардагы бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө, ошондой эле юридикалык жактын уставындагы өзгөртүүлөр менен толуктоолор жөнүндө патенттик ишенимдүү өкүлдөр бир айлык мөөнөттүн ичинде интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлоого милдеттүү. Алым төлөнгөн учурда өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө Реестрге жана патенттик ишенимдүү өкүлдүн күбөлүгүнө жазылат. (КР 2005-жылдын 31-мартындагы № 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Положение о Государственных реестрах объектов интеллектуальной собственности Кыргызской Республики (утверждено приказом Кыргызпатента КР от 13 мая 2004 года N 194)Положение · 13.05.2004 · № 194 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/406/st-8" title="8-статья - Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>