# 7-статья. Аттестациялоо

- Документ: [Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/406)
- Толук аталышы: КР 2001-жылдын 19-февралындагы № 24 "Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 24
- Кабыл алынган күнү: 19.02.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 68 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере интеллектуальной собственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112551)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.03.2023 [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 68 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере интеллектуальной собственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112551); 31.03.2005 [Закон КР от 31 марта 2005 года № 58 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1653)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/406#diff=1243780..1243781>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/406/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-388/edition/1243777/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/406/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө, 7-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/406/st-7

---

Экзаменге ушул Мыйзамдын 5-статьясынын биринчи бөлүгүнүн 13-пункттарынын талаптарына жооп берген адамдар киргизилет. Экзамендин жүрүшүндө аттестациядан өтүүчүнүн патенттик ишенимдүү өкүлдүн ишин аткарууга зарыл болгон Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, эл аралык келишимдерди билиши текшерилет. Аттестациядан өтүүчү өзүнүн иш-аракети интеллектуалдык менчиктин айрым объектилери, селекциялык жетишкендиктер же кызмат көрсөтүүнүн айрым түрлөрү менен гана чектелээрин билдириши мүмкүн. Экзамен ушул чектөөлөрдү эске алуу менен жүргүзүлөт. Чектөө жөнүндө маалыматтар Реестрде жана патенттик ишенимдүү өкүлгө берилүүчү күбөлүктө көрсөтүлөт. Патенттик ишенимдүү өкүлдүн өзүнүн иш-аракетиндеги чектөөлөрдөн баш тартышына ушул статьяда каралган тартипте жүргүзүлгөн кошумча аттестациялоодон өткөн шартта гана жол берилет. Аттестациядан өтүүчү аттестациялык комиссиянын чечими менен макул болбогон учурда, алымды төлөп, апелляциялык комиссияга 3 айлык мөөнөттүн ичинде арыздана алат. Апелляциялык комиссия арызды карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча аттестациялык комиссиянын чечимин күчүндө калтырууга, кайтадан аттестация өткөрүүгө же аттестациялык комиссиянын чечимин жокко чыгарууга укуктуу. Патенттик ишенимдүү өкүлдүккө талапкерлерди аттестациялоо, патенттик ишенимдүү өкүлчүлүккө кошумча аттестациялоо жөнүндө арыздардын түшүшүнө жараша алымды төлөнгөндө, интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт. (КР 2023-жылдын 23-мартындагы № 68 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү аттестациялоонун жана каттоонун тартиби ушул Мыйзамдын ченемдерине ылайык интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат. (КР 2005-жылдын 31-мартындагы № 58, 2023-жылдын 23-мартындагы № 68 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/406/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/406/st-8)
