# 6-статья. Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн өкүлчүлүгү

- Документ: [Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/406)
- Толук аталышы: КР 2001-жылдын 19-февралындагы № 24 "Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 24
- Кабыл алынган күнү: 19.02.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/406/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-388/edition/1243777/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/406/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө, 6-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/406/st-6

---

Патенттик ишенимдүү өкүл кызмат көрсөтүү боюнча аны менен келишим түзгөн ар бир адамдын кызыкчылыгын билдирүүгө укуктуу. Патенттик ишенимдүү өкүлдүн иш жүргүзүүгө укуктуулугу ага өз атынан ишин жүргүзүү үчүн берген адамдын ишеним каты менен ырасталат. Кыргызпатенттин жана мамлекеттик бирдиктүү патенттик кызматтарга кирген уюмдардын алдында өкүл экендиги жөнүндөгү кардар берген ишеним кат, патенттик ишенимдүү өкүлгө жазуу жүзүндө берилет жана ал нотариустун тастыктоосун талап кылбайт. Кыргыз Республикасынан тышкары жашаган жеке жактардын жана чет өлкөлүк юридикалык жактардын ишеним каттары ошол документти берген өлкөнүн мыйзамдарында каралган тартипте түзүлүшү керек, эгерде документтин аныктыгына шектенүү пайда болсо, аны ачыкка чыгаруу Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине жараша же жакын мамилелештиктин негизинде талап коюлбаган учурларды кошпогондо, интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талабы боюнча Кыргыз Республикасынын консулдук мекемесинде ачыкка чыгарылууга тийиш. III Глава Патенттик ишенимдүү өкүлдүн укуктарын алуу тартиби

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/406/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/406/st-7)
