# 2-статья. Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган

- Документ: [Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/406)
- Толук аталышы: КР 2001-жылдын 19-февралындагы № 24 "Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 24
- Кабыл алынган күнү: 19.02.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 68 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере интеллектуальной собственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112551)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.03.2023 [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 68 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере интеллектуальной собственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112551); 31.03.2005 [Закон КР от 31 марта 2005 года № 58 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1653)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/406#diff=1243780..1243781>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/406/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-388/edition/1243777/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/406/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө, 2-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/406/st-2

---

Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн кесиптик иштерин жөнгө салуу максатында интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган патенттик ишенимдүү өкүлдөргө талапкерлерди аттестациялоодон, патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү каттоодон өткөрөт, аларды жүзөгө ашыруу үчүн аттестациялык жана аппеляциялык комиссиялар түзүлөт. Аттестациялык комиссия аттестациялык сыноо өткөрүү тартибин, сыноонун тапшырмаларын бекитет, сыноочуларды шайлайт, ушул Мыйзамдын 7-статьясынын талаптарын эске алуу менен аттестациялык сыноого киргизүү, аттестациялоо, ишин чектөө менен аттестациялоо, аттестациялабоо жөнүндө чечимдерди кабыл алат. Апелляциялык комиссия аттестациялануучулардын аттестациялык комиссиянын чечимдерине даттанууларын, ошондой эле патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн өздөрүнүн кесиптик милдеттерин тиешелүү түрдө аткарышпаганына байланыштуу болгон аракеттерине адамдардын даттанууларын карайт. (КР 2005-жылдын 31-мартындагы № 58, 2023-жылдын 23-мартындагы № 68 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/406/st-1)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/406/st-3)
