# 13-статья. Патенттик ишенимдүү өкүлдүн жоопкерчилиги

- Документ: [Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/406)
- Толук аталышы: КР 2001-жылдын 19-февралындагы № 24 "Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 24
- Кабыл алынган күнү: 19.02.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 68 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере интеллектуальной собственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112551)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/406#diff=1243780..1243781>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/406/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-388/edition/1243777/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/406/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө, 13-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/406/st-13

---

Патенттик ишенимдүү өкүл ишенген тарап менен түзгөн келишим боюнча милдеттерин квалификациясыз же сапатсыз аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мүлктүк жана башка жоопкерчилик тартат. Патенттик ишенимдүү өкүлдүн өзүнүн кесиптик милдеттерин начар аткарып жаткандыгына байланыштуу ар кандай адамдардын даттанууларын, ошондой эле өзүнүн иш-аракети менен Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын талаптарын бузган учурда, аларды интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын апелляциялык комиссиясы карайт. Патенттик ишенимдүү өкүл өзүнө коюлган талаптарды бузган учурда, интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөндөгүдөй чараларды көрүшү мүмкүн, алар:

1) эскертүү жарыялоо;

2) (КР 2023-жылдын 23-мартындагы № 68 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3) Реестрден 1 жылдык мөөнөткө убактылуу чыгарып, аттестациялоонун жыйынтыгы боюнча калыбына келтирүү;

4) Реестрден чыгарып, 5 жыл катары менен аттестациядан өтүүгө укук бербөө.

(КР 2023-жылдын 23-мартындагы № 68 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/406/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/406/st-14)
