# 10-статья. Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү Реестрден чыгаруу

- Документ: [Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/406)
- Толук аталышы: КР 2001-жылдын 19-февралындагы № 24 "Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 24
- Кабыл алынган күнү: 19.02.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 68 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере интеллектуальной собственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112551)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.03.2023 [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 68 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере интеллектуальной собственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112551); 31.03.2005 [Закон КР от 31 марта 2005 года № 58 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1653)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/406#diff=1243780..1243781>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/406/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-388/edition/1243777/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/406/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө, 10-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/406/st-10

---

Патенттик ишенимдүү өкүл интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Реестрден төмөндөгүлөрдүн негизинде чыгарылат:

- патенттик ишенимдүү өкүлдүн өзүнүн арызынын;

- патенттик ишенимдүү өкүл Кыргыз Республикасынын жарандыгын, анын ичинде туруктуу жашаган жерин алмаштырганда (башкача айтканда бир жылдан көбүрөөк мезгилге чет мамлекетте болгондо) жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы юридикалык дарегин жоготкондо, болбосо ушул Мыйзамдын 5-статьясынын экинчи бөлүгүндө аталган кырдаал түзүлгөндө;

- интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга патенттик ишенимдүү өкүл тапшырган маалыматтарда же документтерде чындыкка дал келбегендик аныкталганда;

- патенттик ишенимдүү өкүлдүн иши тууралу кардардын же ар кандай адамдын даттануусу каралып чыккандан кийин, анын жыйынтыгы боюнча апелляциялык комиссиянын чечиминин негизинде;

- ушул Мыйзамда каралган патенттик ишенимдүү өкүлдүн укуктары менен милдеттеринен кыянаттык менен пайдаланган фактылардын жыйынтыгы тууралу апелляциялык комиссиянын чечимдери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана кызматтык жүрүм-турум эрежелерин үзгүлтүксүз жана орой бузган учурда;

- патенттик ишенимдүү өкүлдүн иштерин үч жыл бою жүргүзбөгөндө;

- патенттик ишенимдүү өкүлдүн ишмердигин жүргүзүүгө тыюу салуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде, же мындай ишти жүргүзүүгө жол бербеген башка жазага тартылганда;

- патенттик ишенимдүү өкүл каза болгондо.

Патенттик ишенимдүү өкүл ушул статьяда каралган негиздер боюнча Реестрден чыгарылганда, анын күбөлүгү өз күчүн жоготот жана ал Кыргызпатентке тапшырылууга тийиш. Патенттик ишенимдүү өкүл өзүнүн иш-аракетин токтоткон учурда, ал бул жөнүндө интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу жүзүндө бир айдын ичинде билдирүүгө милдеттүү. Патенттик ишенимдүү өкүл өзүнүн арызынын негизинде Реестрден чыгарылган учурда же болбосо ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн үчүнчү абзацында көрсөтүлгөндөй, туруктуу жашаган жерин алмаштырганда аны кайрадан каттоо ал алгачкы аттестацияланган датадан тартып беш жылдын ичинде кайрадан аттестациялоосуз жүргүзүлүшү мүмкүн. Патенттик ишенимдүү өкүлдү Реестрден чыгаруу жөнүндө маалымат Кыргызпатент тарабынан расмий басылмаларда жарыяланат жана анда чыгаруунун себептери көрсөтүлөт. Реестрден чыгарууга каршы соттук тартипте даттанууга болот. (КР 2005-жылдын 31-мартындагы № 58, 2023-жылдын 23-мартындагы № 68 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык) IV Глава Патенттик ишенимдүү өкүлдүн укуктары жана милдеттери

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/406/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/406/st-11)
