Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Талды-Суу айылдык кеңешинин «Талды-Суу айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-январынан 2016-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилдер үчүн жүргүзүлгөн аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө» токтому
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Талды-Суу айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 11-отурумунун
2018-жылдын 29-январы №11/1 Талды-Суу айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-январынан 2016-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилдер үчүн жүргүзүлгөн аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №767 токтомунун негизинде Талды-Суу айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талды-Суу айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-январынан 2016-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилдер үчүн жүргүзүлгөн аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча айрым кемчилдиктерге жол бергендиги үчүн,Талды-Суу айыл өкмөтүнүн каржы үнөмдөө бөлүмүнүн башчысы А.Эргешовго эскертүү жарыялансын.
2. Сапар чыгымынан кетирген мыйзамсыз төлөмдү Талды-Суу айыл өкмөтүнүн ВУС инспектору Т.Жоошбековдун декабрь айындагы эмгек акысынан кармалып өндүрүлдү, же болбосо оордуна коюулгандыгы белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №767 токтомуна ылайык,күйүүчү майды нормадан ашыкча пайдаланууга жол берилбесин,мындан ары нормадан ашыкча пайдаланылса жоопкерчиликтүү кызматкердин эсебинен өндүрүлсүн.
4. Негизсиз жогорулаткан 56,7 миң сомдук курулуш иштердин көлөмүү, кыш мезгили болуп,шартка байланыштуу бүтпөй калган.Жаз алды менен балдар бакчанын,балдар ойноочу аянтка шагыл төшөп,тегиздеп,цемент менен бетондоп жана убагында бүтүрүү жагы ОсОО “Олимп и К” ишканасына тапшырылсын.
5. Мындан ары мыйзамсыз көрүнүштөргө жол бербөө жагы Талды-Суу айыл өкмөтүнүн каржы үнөмдөө бөлүмүнүн башчысы А.Эргешовго милдеттендирилсин.
Төрага
Э.Эргешбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №767 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык жана нөөмөттүк…Постановление · 30.12.2011 · № 767 · Күчүн жоготкон