# Ак-Суу айылдык кенешинин 2018-жылдын 29-мартындагы №8 "ЖЧК “Мурат Компани” ишканасына “Разрез Кара-Суу №3” участкасынан убактылуу пайдаланууга 3,13 га жер аянтын бекитип берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Суу айылдык кенешинин 2018-жылдын 29-мартындагы №8 "ЖЧК “Мурат Компани” ишканасына “Разрез Кара-Суу №3” участкасынан убактылуу пайдаланууга 3,13 га жер аянтын бекитип берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 29.03.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.03.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/405738>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-43407/edition/898344/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.03.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Суу айылдык кенешинин 2018-жылдын 29-мартындагы №8 "ЖЧК “Мурат Компани” ишканасына “Разрез Кара-Суу №3” участкасынан убактылуу пайдаланууга 3,13 га жер аянтын бекитип берүү жөнүндө" токтому (29.03.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/405738

---

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин VII–чакырылышынын VIII-сессиясы

2018-жылдын 29-марты №8 ЖЧК “Мурат Компани” ишканасына “Разрез Кара-Суу №3” участкасынан убактылуу пайдаланууга 3,13 га жер аянтын бекитип берүү жөнүндө Ак-Суу айыл аймагындагы “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамынын 9 беренесинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги № 261 токтому менен бекитилген “Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү жөнүндө” ЖЧК “Мурат Компани” ишканасынын жазган арызы боюнча туруктуу комиссиясын угуп, талкуулап Ак-Суу айылдык кенеши; ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги № 261 токтому менен бекитилген “Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү жөнүндө” ЖЧК “Мурат Компани” ишканасына убактылуу пайдаланууга “Разрез Кара-Суу №3” участкасынан 3,13 га жер аянты бекитилип берилсин.

2. Коомдук угуулар өткөрүлсүн, Ак-Суу айыл өкмөтү менен жердин ижара келишими жана соц.пакет бекитилсин жана башка мыйзам ченемдүү иш-чаралар аткарылсын.

3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www. aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;

4. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;

5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековго милдеттендирилсин.

Төрага

Т. Эшалиев
