# Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2017-жылдын 20-февралындагы № 6-3 "Мирмахмудов айыл аймагынын жерлеринин мыйзамсыз түрдө мал багып материалдык жана экологиялык зыян келтирип, жерлерди дирадацияланоосуна алып келгендиги үчүн айп салуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2017-жылдын 20-февралындагы № 6-3 "Мирмахмудов айыл аймагынын жерлеринин мыйзамсыз түрдө мал багып материалдык жана экологиялык зыян келтирип, жерлерди дирадацияланоосуна алып келгендиги үчүн айп салуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 6-3
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.02.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/405369>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-43044/edition/884901/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.02.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2017-жылдын 20-февралындагы № 6-3 "Мирмахмудов айыл аймагынын жерлеринин мыйзамсыз түрдө мал багып материалдык жана экологиялык зыян келтирип, жерлерди дирадацияланоосуна алып келгендиги үчүн айп салуу жөнүндө" токтому (20.02.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/405369

---

МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Мирмахмудов айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы

2017-жыл 20-февралы № 6-3 Мирмахмудов айыл аймагынын жерлеринин мыйзамсыз түрдө мал багып материалдык жана экологиялык зыян келтирип, жерлерди дирадацияланоосуна алып келгендиги үчүн айп салуу жөнүндө Мирмахмудов айылдык кеңешине караштуу болгон жайыт жерлеринин (адыр,тоолу) бөлүктөрүндө жана кышкы тоют үчүн орулуучу чөп чабынды жерлери ушундай эле себилген күзгү, жайкы калкандуу дан эгиндерине мыйзамсыз түрдө мал багып Мирмахмудов айыл аймагы жана тургундарына келтирген материалдык экологиялык зыян үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-июнундагы №91 , 2011-жылдын 28-декабрндагы №254, 2016-жылдын 7-майындагы №56 мыйзамдарынын 18-19-беренелеринде көрсөтүлгөн иш чаралары жана 1992-жылдын 17-августундагы №403 токтомунун 4-пунктуна таянып Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мирмахмудов айыл аймагынын жерлеринин мыйзамсыз түрдө мал багып материалдык жана экологиялык зыян келтирип, жерлерди дирадацияланоосуна алып келгендиги үчүн төмөндөгүдөй айп салынсын.

Ийри мүйүдүү мал, жылкы жана эшектерге 940 сом (бир башка) 1 жашка чейинки мүзөө жана тайларга 260 сом (бир башка) Койлорго 260 сом (бир башка) Эчкилерге 1565 сом (бир башка)

2. Жайыт кыртышын өзүмчүлдүк менен бузган жерлеринин ар бир метр кватраты үчүн 0,80 сомдон айып салынсын.

3. Токтомдун аткарылышы Мирмахмудов айыл аймагынын жайыт бирикмесинини төрагасы А.Фазиловго тапшырылсын.

4. Ушул токтом мыйзам негизинде аткарылсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов атындагы айыл кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

И. Исмоилов
