Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кайынды шаардык кеңешинин 134\XXXIX -4 «Кайынды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясынын 2015 – жылдын 01 – апрелиндеги № 93\XXIII –4 “Кайынды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча департаментти түзүү жөнүндө” токтомун жокко чыгаруу тууралуу» токтому
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 23-декабры № № 134\XXXIX -4 Кайынды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясынын 2015 – жылдын 01 – апрелиндеги № 93\XXIII –4 “Кайынды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча департаментти түзүү жөнүндө” токтомун жокко чыгаруу тууралуу Кайынды шаарынын мэриясынын 2016 – жылдын 22 – декабрындагы “Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы тарабынан 2015 – жылдын 01- апрелиндеги кабыл алынган “Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча департаментти түзүү жөнүндө” № 93\XXIII –4 токтомун жокко чыгаруу тууралуу катын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматынын борбордук аймактык өкүлчүлүгүнүн 2016 – жылдын 21- декабрындагы № 698 каты менен таанышып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын, министрликтеринин, административдик ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндөгү» 2011-жылдын 22-августундагы № 473 токтомунун 3-тиркемесине ылайык райондук деңгээлде «департамент» түзүлбөөрүн эске алып, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы:
1. Кайынды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясынын 2015 – жылдын 01 – апрелиндеги № 93\XXIII – 4 “Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча департаментти түзүү жөнүндө» токтому жокко чыгарылсын.
2. Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча департаментинин иши 2017 – жылдын 01 январынан тартып токтотулсун.
3. Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча департаментти Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бөлүмү болуп кайра уюштурулсун.
4. Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бөлүмүнүн Жобосу бекитилип жана юридикалык жактардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек Адилет башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бөлүмүнө мөөрлөрдү жана штамптарды даярдоого Кайыңды шаарынын мэриясынын бюджетинен акча каражат бөлүнүп берилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө токтомдо андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана, мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Төрага
У.Б. Абдрасулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын…Постановление · 22.08.2011 · № 473 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2004-жылдын 9-ноябрынын, № 822 ""Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жонундо" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына озгортуу киргизуу…Постановление · 09.11.2004 · № 822 · Күчүн жоготкон