Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Каракол шаардык кеңешинин «»№15 орто мектебинин спорт аянтчасын куруу»долбоору боюнча дем берүүчү грантты каржылашууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө»токтому
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ПОСТАНОВЛЕНИЕ 2016-жылдын 01-декабры № 27-11/23 "№15 орто мектебинин спорт аянтчасын куруу"долбоору боюнча дем берүүчү грантты каржылашууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө Каракол шаардык финансы бөлүмүнүн башчысы Г.С.Толумбекованын, 2016-жылдын 29-ноябрындагы, кир.№01-7/597, катын карап жана талкуулап, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, социалдык жана дин маселелери, экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссияларынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XI сессиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардык финансы бөлүмү (Г.С.Толумбекова), сметалык баасы 3 200 000 (үч миллион эки жүз миң) сомду түзгөн, "№15 орто мектебинин спорт аянтчасын куруу" долбоору боюнча дем берүүчү грантты каржылашуу үчүн, 960 000 (тогуз жүз алтымыш миң) сом өлчөмүндөгү акча каражатты, 2017-жылдын бюджетинин долбоорунда, каралышын камсыз кылсын.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага
Э.Айсаракунов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Постановление Правительства КР от 5 ноября 2004 года N 810 "О проекте Закона Кыргызской Республике "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об…Постановление · 05.11.2004 · № 810 · Күчүн жоготкон