# Каракол шаардык кеңешинин 2016-жылдын 01-декабрындагы № 27-11/19 ""№1 инновациялык мектеп-гимназиясынын тегерегин курчоо, пандусун куруу жана кире беришине брусчатка төшөө" долбоору боюнча дем берүүчү грантты каржылашууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Каракол шаардык кеңешинин 2016-жылдын 01-декабрындагы № 27-11/19 ""№1 инновациялык мектеп-гимназиясынын тегерегин курчоо, пандусун куруу жана кире беришине брусчатка төшөө" долбоору боюнча дем берүүчү грантты каржылашууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 27-11/19
- Кабыл алынган күнү: 01.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/40497>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-4442/edition/772012/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/40497.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Каракол шаардык кеңешинин 2016-жылдын 01-декабрындагы № 27-11/19 ""№1 инновациялык мектеп-гимназиясынын тегерегин курчоо, пандусун куруу жана кире беришине брусчатка төшөө" долбоору боюнча дем берүүчү грантты каржылашууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө" токтому (01.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/40497

---

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 01-декабры № 27-11/19 "№1 инновациялык мектеп-гимназиясынын тегерегин курчоо, пандусун куруу жана кире беришине брусчатка төшөө" долбоору боюнча дем берүүчү грантты каржылашууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө Каракол шаардык финансы бөлүмүнүн башчысы Г.С.Толумбекованын, 2016-жылдын 29-ноябрындагы, кир.№01-7/597, катын карап жана талкуулап, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, социалдык жана дин маселелери, экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссияларынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XI сессиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Каракол шаардык финансы бөлүмү (Г.С.Толумбекова), , сметалык баасы 1 985 200 (бир миллион тогуз жүз сексен беш миң эки жүз) сомду түзгөн, "№1 инновациялык мектеп-гимназиясынын тегерегин курчоо, пандусун куруу жана кире беришине брусчатка төшөө" долбоору боюнча дем берүүчү грантты каржылашуу үчүн, 595 600 (беш жүз токсон беш миң алты жүз) сом өлчөмүндөгү акча каражатты, 2017-жылдын бюджетинин долбоорунда, каралышын камсыз кылсын.

2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.

3. Токтом ММКларда жарыялансын.

4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.

Төрага

Э.Айсаракунов
