Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«»№10 бала-бакчасынын санитардык түйүнүн куруу жана кир жуучу жайды оңдоо» долбоору боюнча дем берүүчү грантты каржылашууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө» токтому
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 01-декабры № 27-11/18 "№10 бала-бакчасынын санитардык түйүнүн куруу жана кир жуучу жайды оңдоо" долбоору боюнча дем берүүчү грантты каржылашууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө Каракол шаардык финансы бөлүмүнүн башчысы Г.С.Толумбекованын, 2016-жылдын 29-ноябрындагы, кир.№01-7/597, катын карап жана талкуулап, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, социалдык жана дин маселелери, экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссияларынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XI сессиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардык финансы бөлүмү (Г.С.Толумбекова), сметалык баасы 2 761 000 (эки миллион жети жүз алтымыш бир миң) сомду түзгөн, "№10 бала-бакчасынын санитардык түйүнүн куруу жана кир жуучу жайын оңдоо" долбоору боюнча дем берүүчү грантты каржылашуу үчүн, , 828 300 (сегиз жүз жыйырма сегиз миң үч жүз) сом өлчөмүндөгү акча каражатты, 2017-жылдын бюджетинин долбоорунда каралышын камсыз кылсын.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага
Э.Айсаракунов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2004-жылдын 4- ноябрынын № 806 "«Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жонундо» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу" Токтому…Постановление · 04.11.2004 · № 806 · Күчүн жоготкон