Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Каракол шаардык кеңешинин ««№2 бала-бакчасынын чатырын алмаштыруу жана витражды куруу» долбоору боюнча дем берүүчү грантты каржылашууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө» токтому
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 01-декабры № 27-11/16 «№2 бала-бакчасынын чатырын алмаштыруу жана витражды куруу» долбоору боюнча дем берүүчү грантты каржылашууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө Каракол шаардык финансы бөлүмүнүн башчысы Г.С.Толумбекованын, 2016-жылдын 29-ноябрындагы, кир.№01-7/597, катын карап жана талкуулап, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, социалдык жана дин маселелери, экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссияларынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XI сессиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардык финансы бөлүмү (Г.С.Толумбекова), сметалык баасы 2 996 700 (эки миллион тогуз жүз токсон алты миң жети жүз) сомду түзгөн, "№2 бала-бакчасынын чатырын алмаштыруу жана витраж куруу" долбоору боюнча дем берүүчү грантты каржылашуу үчүн, 899 000 (сегиз жүз токсон тогуз миң) сом өлчөмүндөгү акча каражатты, 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинин долбоорунда каралышын камсыз кылсын.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага
Э.Айсаракунов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-июлундагы № 277 "Кыргыз Республикасынын айрым нормативдик укуктук актыларынын долбоорлорун кайра сурап алуу жөнүндө" токтомуПостановление · 01.07.2005 · № 277 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2004-жылдын 27-октябрынын № 786 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жонундо кодексине озгортуу киргизуу жонундо» Кыргыз…Постановление · 27.10.2004 · № 786 · Күчүн жоготкон