# Мады айылдык кеңешинин 2016-жылдын 20-февралындагы №96 "Мады айыл Өкмөтүнүн аймагындагы айылдардагы аты жок көчөлөргө ат коюу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Мады айылдык кеңешинин 2016-жылдын 20-февралындагы №96 "Мады айыл Өкмөтүнүн аймагындагы айылдардагы аты жок көчөлөргө ат коюу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 96
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.02.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/40477>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-4429/edition/771970/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.02.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мады айылдык кеңешинин 2016-жылдын 20-февралындагы №96 "Мады айыл Өкмөтүнүн аймагындагы айылдардагы аты жок көчөлөргө ат коюу жөнүндө" токтому (20.02.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/40477

---

МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Мады айылдык кеңешинин кезектеги (V- шайланган) ХVIII сессиясы

2016-жылдын 20-февралы №96 «Мады айыл Өкмөтүнүн аймагындагы айылдардагы аты жок көчөлөргө ат коюу жөнүндө» Мады айыл өкмөтүнүн Учкун, Кыргыз-Чек, Социализм айылдарындагы аты жок көчөлөргө ат жөнүндөгү элден түшкөн маалыматын угуп жана Кыргыз Республикасынын «Географиялык аталыштар жөнүндөгү» мыйзамынын 7 – беренесинин негиз кылып Мады айылдык кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Учкун айылындагы эл оозунда аталып жүргөн 9- көчөсүнө эмгек ветераны маркум Атабеков Каранын аты ыйгарылсын .

2. Социализм айылынын төмөн жагындагы жаны конуштардагы узун көчөнүн Абдрахманова Гүлнаранын үйүнөн Абдуллаев Улуктун үйүнө чейинки аралыгына Улуу ата мекендик согуштун ветераны Токтобаев Аман ажынын аты ыйгарылсын.

3. Кыргыз-Чек айылынын жаны конушундагы аты жок көчөгө маркум Арстанов Азаматтын айты ыйгарылсын

6. Жаныдан аталышка ээ болгон Атабеков Кара, Токтоев Аман жана Арстанов Азамат атындагы көчөлөрүнө көчөлөрдүн аттары жазылган көчө белгилерин жаздырып билдирүү, көчөнү жашылдандыруу, жолдорун ондоо жана жарыктандыруу жагы жогорудагы көчөлөргө аттары ыйгарылган Токтоев Аман ажынын балдарына жана маркумдар Атабеков Каранын балдарына жана Арстанов Азаматтын бир туугандарына жана жакын туугандарына милдеттендирилсин.

7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин тийиштүү туруктуу комиссиясына( Б.Мадазимов) жүктөлсүн.

Төрага

К.Султанбеков
