Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Мады айылдык кеңешинин «Мады айыл Өкмөтүнүн аймагындагы айылдардагы аты жок көчөлөргө ат коюу жөнүндө» токтому
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Мады айылдык кеңешинин кезектеги (V- шайланган) ХVIII сессиясы
2016-жылдын 20-февралы №96 «Мады айыл Өкмөтүнүн аймагындагы айылдардагы аты жок көчөлөргө ат коюу жөнүндө» Мады айыл өкмөтүнүн Учкун, Кыргыз-Чек, Социализм айылдарындагы аты жок көчөлөргө ат жөнүндөгү элден түшкөн маалыматын угуп жана Кыргыз Республикасынын «Географиялык аталыштар жөнүндөгү» мыйзамынын 7 – беренесинин негиз кылып Мады айылдык кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Учкун айылындагы эл оозунда аталып жүргөн 9- көчөсүнө эмгек ветераны маркум Атабеков Каранын аты ыйгарылсын .
2. Социализм айылынын төмөн жагындагы жаны конуштардагы узун көчөнүн Абдрахманова Гүлнаранын үйүнөн Абдуллаев Улуктун үйүнө чейинки аралыгына Улуу ата мекендик согуштун ветераны Токтобаев Аман ажынын аты ыйгарылсын.
3. Кыргыз-Чек айылынын жаны конушундагы аты жок көчөгө маркум Арстанов Азаматтын айты ыйгарылсын
6. Жаныдан аталышка ээ болгон Атабеков Кара, Токтоев Аман жана Арстанов Азамат атындагы көчөлөрүнө көчөлөрдүн аттары жазылган көчө белгилерин жаздырып билдирүү, көчөнү жашылдандыруу, жолдорун ондоо жана жарыктандыруу жагы жогорудагы көчөлөргө аттары ыйгарылган Токтоев Аман ажынын балдарына жана маркумдар Атабеков Каранын балдарына жана Арстанов Азаматтын бир туугандарына жана жакын туугандарына милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин тийиштүү туруктуу комиссиясына( Б.Мадазимов) жүктөлсүн.
Төрага
К.Султанбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- О внесении изменений и дополнений в часть первую Гражданского кодекса Кыргызской РеспубликиЗакон · 15.10.1997 · № 76