3-статья. Пайдаланылган түшүнүктөр
Күчүн жоготкон · 02.06.2008 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 2 июня 2008 года № 106.
Ушул Мыйзамда саналып өткөн түшүнүктөр төмөндөгүдөй мааниде колдонулат:
телерадиоберүү - адамдардын чектелбеген чөйрөсүнүн жекече кабыл алуусуна багытталган эфир боюнча (жердеги же спутниктик берүүлөр) же кабель тармактары боюнча (зымдар, сандык компьютердик жана башка) ачык же код түрүндө жүзөгө ашыруулуучу теле -жана радио программаларды жана кошумча маалыматтарды таркатуу;
телекөрсөтүү же радиоберүү - телекөрсөтүү же радиоберүүлөр үчүн даярдалган жана арналган, билдирүүлөрдү жана материалдарды камтыган, телекөрсөтүү же радиоуктуруу программаларынын уюштуруучулук жана тематикалык жагындагы айрым бүткөрүлгөн бөлүгү;
атамекендик теле- жана радиоберүү өндүрүшү - Кыргыз Республикасында иштеп жаткан телерадио компаниялар даярдаган жана заказ кылган берүүлөр;
чет элдик теле- жана радиоберүү өндүрүшү - чет өлкөлөрдө даярдалган, ошондой эле атамекендик эмес өндүрүштөгү 50 пайыздан ашыгын үн, визуалдык жана аудиовизуалдык материалдар түзгөн берүүлөр;
телепрограмма же радиопрограмма - радио жыштыктарынын спектрин, кабельдик же зым тармагын пайдалануу менен берилген телерадиоберүүлөрдүн биринен - бирине өтүүчү бир бүтүндүгү;
берүүнүн торчосу - белгилүү бир мезгилге майда-чүйдөсүнө чейин такталбаган берүүнүн негизги багыттарын аныктаган кошумча маалыматтарды теле- же радиопрограммалардын, теле- же радиоберүүлөрдүн берүү убактыларынын аталышынын тизмеси;
телерадиопродукция - техникалык каражаттардын жардамы менен көрүү жана угуу аркылуу кабыл алуу үчүн даярдалган өз ара кадрлар (үндүн коштоосу менен же коштоосу жок) аркылуу байланышкан так сериялардан турган аудио, аудиовизуалдык чыгарма;
телерадиопродукцияларды чыгаруучу - теле- же радиопрограммалардын, теле-же радиоберүүлөрдүн өндүрүшүнө адистешкен жеке же юридикалык жак;
елерадиоберүүнүн техникалык каражаттары - телерадиопрограммаларды даярдоону жана аларды байланыштын техникалык каражаттары аркылуу берүүнү камсыз кылуучу жабдуу.
II глава
Улуттук телерадиоберүүлөрдүн
корпорациясынын ишинин укуктук негиздери
Берененин тексти 02.06.2008 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/404638/st-3" title="3-статья - Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>