# 26-статья. Жооп берүү укугу

- Документ: [Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/404638)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 2-апрелиндеги № 41 "Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 41
- Кабыл алынган күнү: 02.04.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.06.2008
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 июня 2008 года № 106 "О телевидении и радиовещании"](https://aqlex.ai/kg/doc/202317)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/404638/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5232/edition/380192/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/404638/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.06.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө, 26-статья (02.06.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/404638/st-26

---

Корпорация жайылткан программа тарабынан кызыкчылыктарына доо келтирилген ар бир адам ага жооп берүүгө укуктуу Жооп талаш фактыларды жокко чыгаруу менен чектелип, жазуу жүзүндө жана кызыкдар адамдын колу менен күбөлөндүрүлүп берилиши зарыл. Жооп ошондой эле түз эфирде берилиши мүмкүн Корпорация жоопту акысыз жана тез аранын ичинде жеткирүүгө милдеттүү.

Корпорация:

- эгерде жооп талаш фактыларды жокко чыгаруу менен чектелбесе;

- эгерде жооп негизсиз өтө эле узак болсо;

- эгерде адам өзүнүн мыйзамдуу укуктарынын жана кызыкчылыктарынын бузулушун далилдей албаса;

- эгерде төгүнгө чыгаруу тууралу талап талаш маалымат жарыялангандан эки айдан кийин түшсө, жоопту жайылтуудан баш тартууга укуктуу.

V глава

Корутунду жоболор

---

Мурунку берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/404638/st-25)  
Кийинки берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/404638/st-27)
