# 24-статья. Маалыматка жетүү. Журналисттик булактардын купуялуулугу

- Документ: [Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/404638)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 2-апрелиндеги № 41 "Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 41
- Кабыл алынган күнү: 02.04.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.06.2008
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 июня 2008 года № 106 "О телевидении и радиовещании"](https://aqlex.ai/kg/doc/202317)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/404638/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5232/edition/380192/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/404638/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.06.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө, 24-статья (02.06.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/404638/st-24

---

Корпорация парламенттик угууларды, Өкмөттүн, Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын жыйналыштарын түз эфирде жана жазып алып берүүгө укуктуу.

Корпорация мамлекеттик бийлик органдарынын кол алдында турган архивди, документтерди жана маалыматтарды алууга укуктуу.

Корпорация жалпы маалыматтык кызыкчылыктарды туудурган жана кеңири журтчулукка жеткиликтүү маданий, спорттук жана башка иш-чараларга эркин кирип катышууга укуктуу.

Маалымат булактарынын купуялуулугу (журналисттер "таап чыккан" материалдарды кошкондо) мыйзам менен кепилденет. Коомдук кызыкчылыкка олуттуу зыян келтирүү мүмкүнчүлүгү менен байланышкан булактар соттун чечими негизинде гана ачыкка чыгарылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/404638/st-23)  
Кийинки берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/404638/st-25)
