# 22-статья. Корпорациянын редакциялык саясаты

- Документ: [Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/404638)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 2-апрелиндеги № 41 "Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 41
- Кабыл алынган күнү: 02.04.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.06.2008
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 июня 2008 года № 106 "О телевидении и радиовещании"](https://aqlex.ai/kg/doc/202317)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/404638/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5232/edition/380192/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/404638/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.06.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө, 22-статья (02.06.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/404638/st-22

---

Өзүнүн чыгармачылык ишинде Корпорациянын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган Редакциялык саясат жана башка ички актыларды жетекчиликке алышат.

Чыгармачылык кызматкерлер Редакциялык саясатта камтылган этикалык стандарттарды жетекчиликке алышат. Тактык, аныктык, тең салмактуулук, толуктуулук жана жеткиликтүүлүк, ошондой эле фактыларды жана автордук комментарийлерди так чектөө маалыматты жеткирүүнүн башкы стандарттары болууга тийиш.

Жашы жете элек өспүрүмдөр, жаратылыш кырсыктарынан жана катастрофалардан, кылмыштардан жапа чеккендер жөнүндө материалдарда өзгөчө сактык талап кылынат;

- жеке турмуш, шектүүлөргө, күнөөлөнгөндөргө жана соттолуучуларга кек сактабоо принциби сыйлоого алынат, маалымат булактарынын жана псевдонимдердин купуялыгы корголот.

---

Мурунку берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/404638/st-21)  
Кийинки берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/404638/st-23)
