# 21-статья. Корпорациянын программалык саясаты

- Документ: [Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/404638)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 2-апрелиндеги № 41 "Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 41
- Кабыл алынган күнү: 02.04.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.06.2008
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 июня 2008 года № 106 "О телевидении и радиовещании"](https://aqlex.ai/kg/doc/202317)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/404638/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5232/edition/380192/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/404638/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.06.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө, 21-статья (02.06.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/404638/st-21

---

Корпорация Кыргыз Республикасынын бардык калкынын кызыкчылыктары үчүн анын этникалык, маданий жактан ар түрдүүлүгүн эсепке алуу менен өлкөнүн бардык аймактарында маалыматтык, агартуучулук жана оюн-зоок берүү программаларынын кеңири спектрин сунуш кылат.

Корпорация коомдо орун алган пикирлердин жана көз караштардын бүтүндөй диапазонун чагылдырган, учур талап кылган жана жогорку сапаттуу берүүлөрдү жүзөгө ашырат, калктын кеңири катмарынын маалыматтык кызыкчылыктарын жана керектөөлөрүн канагаттандырат.

Корпорация төмөнкүдөй берүү кызматын сунуш кылат, алар:

- Өкмөт, саясий, болбосо экономикалык күчтөр тарабынан контролдукка алынбайт, ак ниет редакциялык саясатты чагылдырат жана Корпорациянын көз караштарын, болбосо пикирин билдирбейт;

- өлкөнүн ичиндеги жана анын сыртындагы жалпы кызыкчылыктарды билдирген учурдагы окуялар жөнүндө жаңылыктардын ар тараптуу, объективдүү жана оор басырыктуу берүүлөрүн, анын ичинде прайм-таймдарды, трансляциялоону көздөйт;

- негизги мамлекеттик органдардын иштерин жеткиликтүү деңгээлде чагылдырат;

- өлкөнүн ар түрдүү аймактары үчүн кызыгууну жараткан программаларды сунуш кылат;

- өлкөнүн маданий ар түрдүүлүгүн таануу жана ошол эле учурда чагылдыруу менен улуттук аң-сезимди өнүктүрүүгө түрткү берет;

- бардык этникалык топторго жана азчылыктарга, анын ичинде этникалык жана башка азчылыктар үчүн атайын берүү кызматтарын түзүү менен алардын тилдеринде сөз беришет;

- түрдүү аудиторияларга эсептелген кеңири керектөө программаларын жана атайын программаларды билгичтик менен айкалыштырышат;

- балдарга багытталган программалардын жана билим берүү программаларынын зарыл болгон санын трансляциялашат;

- теле- жана радио өндүрүшүнүн өнүгүшүнө мүмкүндүк түзүшөт жана коомдун ичинде талаш-тартыштардын маалымдуулугуна жана өтүп жаткан окуяларга сын көз менен кароого көмөктөшүшөт. Өлкөнүн теле- жана радиоберүүлөрүнүн көлөмүнүн 60 пайыздан кем эмесин камсыз кылышат, жана аларда чет элдик теле- жана радиоберүүлөрдүн көлөмү 40 пайыздан ашпоого тийиш.

- теле- жана радиоберүүлөрдүн көлөмүнүн 50 пайыздан кем эмесин мамлекеттик тилде болушун жүзөгө ашырышат.

Программалык саясаттын кошумча эрежелерин Корпорация Кеңеши белгилеши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/404638/st-20)  
Кийинки берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/404638/st-22)
