18-статья. Корпорациянын иши боюнча отчет
Күчүн жоготкон · 02.06.2008 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 2 июня 2008 года № 106.
Кеңеш жыл сайын, отчеттон кийинки жылдын 30-апрелинен кечиктирилбестен Корпорациянын иши боюнча жылдык отчетту Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине тапшырат.
Кеңеш сырткы аудитордук текшерүүнүн жыйынтыктары менен бирге Корпорациянын жылдык отчетун жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт жана кеңири жайылтат. Ар бир жылдык отчет төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
- жетекчилик жана каржылоо жөнүндө маалыматтарды;
- өткөн жылда Корпорация жүзөгө ашырган иштерди баяндоо түрүндө жазууну;
- Корпорациянын өткөн жылдагы максаттары, аларга жетишүүнүн деңгээли жана кийинки жылга милдеттери;
- Корпорацияга толук же жарым-жартылай, тике же кыйыр тиешелүү бардык компаниялар же ишканалар жөнүндө маалыматтар;
- өткөн жылдагы кирешелер жана чыгашалар боюнча жалпы маалыматтар менен сырткы аудиттин жыйынтыктары;
- келерки жылга бюджет;
- Корпорациянын редакциялык саясаты;
- программалардын сеткасы жана ага пландаштырылган өзгөртүүлөр;
- көз карандысыз өндүрүүчүлөр даярдаган, мындай өндүрүүчүлөрдүн же компаниялардын аттары/аталыштары менен бирге трансляциялаган программалардын тизмеси;
- керектөөчүлөрдүн арыздары жөнүндө маалыматтар жана коомдук берүүгө аздыр-көптүр сунуштар.
Берененин тексти 02.06.2008 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/404638/st-18" title="18-статья - Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>