15-статья. Корпорация Кеңешинин ыйгарым укуктары жана укуктары
Күчүн жоготкон · 02.06.2008 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 2 июня 2008 года № 106.
Кеңеш белгиленген милдеттердин чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
- Корпорациянын уставын, Кеңештин Регламентин, Редакциялык принциптерди бекитүүгө, Корпорациянын ишин жөнгө салуучу бөлөк документтерге өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Корпорациянын максаттарына жана милдеттерине ылайык кредиттерди, гранттарды жана башка каражаттарды тартууга;
- Корпорациянын чыгашаларынын (бюджетинин) сметасын, пландык документтерин жана каржылык отчетторун кароого жана макулдашууга;
- Корпорациянын каржылык каражаттарынын, мүлкүнүн жана башка активдеринин пайдаланылышы жөнүндө Корпорациянын кызмат адамдарынын отчетторун угууга;
- Корпорация тийиштүү кызмат адамдарынан каржылык-чарбалык ишти жүзөгө ашырууга байланышкан документтерди белгиленген тартипте суратып алууга;
- уставда белгиленген милдеттерди чечүү үчүн зарылдыгына жараша Кеңештин мүчөлөрүнүн ичинен комиссияларды, жумушчу топторун түзүүгө;
- Корпорациянын ишинин маселелери боюнча коомдук угууларды өткөрүүгө;
- Корпорациянын иши боюнча документтерди көз карандысыз текшерүүнү, аудитти жүргүзүү, консультациялар алуу үчүн консультанттарды тартууга жана жумушчу топторун түзүүгө;
- Корпорациянын ишине тийиштүү зарыл маалыматты мамлекеттик органдардан жана уюмдардан белгиленген тартипте талап кылууга жана алууга;
- Корпорациянын ишинин маселелери боюнча жарандар менен уюмдардын Кеңештин дарегине келип түшкөн жана жөнөтүлгөн арыздарын жана кайрылууларын кароого;
- Корпорациянын Башкы директорун жөнөкөй көпчүлүк добуш менен конкурстук негизде шайлоого;
- жалпы санынын үчтөн экисинин добушу менен Корпорациянын башкы директорун кайра чакыртып алууга;
- жалпы курамынын үчтөн экисинин добушу менен Башкы директорду, анын 3 орунбасарын дайындоого жана бошотууга.
Берененин тексти 02.06.2008 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/404638/st-15" title="15-статья - Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>