# 14-статья. Корпорация Кеңешинин ишин уюштуруу

- Документ: [Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/404638)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 2-апрелиндеги № 41 "Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 41
- Кабыл алынган күнү: 02.04.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.06.2008
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 июня 2008 года № 106 "О телевидении и радиовещании"](https://aqlex.ai/kg/doc/202317)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/404638/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5232/edition/380192/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/404638/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.06.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө, 14-статья (02.06.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/404638/st-14

---

1. Кеңеш жылына кеминде 4 жолу чакырылат, ошол эле учурда ар бир жылдын 30-мартынан кечиктирилбестен Кеңештин жылдык жыйналыштары өткөрүлүп, Кеңештин өткөн жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылат.

2. Кеңештин кезексиз жыйналыштары Кеңештин төрагасынын, Корпорациянын башкы директорунун, болбосо анын мүчөлөрүнүн курамынын кеминде үчтөн биринин өтүнүчү боюнча чакырылат.

3. Кеңештин жыйналышы, эгерде ага Кеңештин мүчөлөрүнүн кеминде үчтөн экиси катышса, ыйгарым укуктуу болот. Кворум жок болгондо жыйналыш башка күнгө которулат.

Кеңештин чечимдери, түздөн-түз ушул Мыйзамда каралган учурлардан тышкарыда, Кеңештин мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

4. Кеңешти төрага жетектейт. Кеңештин төрагасы Кеңештин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен шайланат.

Кеңештин төрагасынын компетенциясына төмөнкүдөй иш милдеттери кирет;

- Кеңештин чогулушунун убактысын, өткөрүлүүчү ордун жана күн тартибин аныктоо;

- жыйналышты анын күн тартибине ылайык даярдоону камсыз кылуу;

- Кеңештин жыйналыштарына жетекчилик кылуу;

- өзү жок болгон учурда Кеңештин мүчөлөрүнүн бирин Кеңештин жыйна-

лышына төрагалык кылууга дайындоо;

- Кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдоо.

Эгерде Кеңештин бүткүл курамынын үчтөн экиси менен Кеңештин мүчөлөрү ага ишеним көрсөтүшпөсө Кеңештин төрагасы чакыртылып алынат.

Кеңештин жыйналышы Кеңештин мүчөлөрү шайлаган катчы тарабынан протоколдонот. Кеңештин катчысынын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

- жылдык кезектеги жана кезексиз жыйналыштарды чакыруу боюнча бүткүл уюштуруу ишин жүргүзүү, жыйналыштар үчүн зарыл материалдарды жана Кеңештин мүчөлөрү үчүн документтерди даярдоо, берилген материалдарды иштеп чыгуу жана жалпылаштыруу;

- Кеңештин мүчөлөрүнө жыйналыштар, күн тартиби, өткөрүлүүчү убактысы жана орду жөнүндө жылдык жана кезектеги жыйналышты өткөрүүгө чейин кеминде 30 күн мурда жана кезексиз жыйналышты чакыруу жөнүндө ал өткөрүлгөнгө чейин кеминде 10 күн мурда маалымдоо түрүндө кабар берүү;

- Кеңештин иш кагаздарын жүргүзүү.

5. Корпорациянын Башкы директору Кеңештин жыйналыштарына кеңеш берүү добуш укугу менен катышууга акылуу.

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/404638/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/404638/st-15)
