Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин «Жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
АК-МУЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылыштын XVII-сессиясынын
2018-жылдын 15-февралы № 17/3 «Жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 3-март 2014-жылдын №114 токтому менен бекиген Жобого ылайык «Кыргызмамжердолбоор» долборлоо институтунун Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясынын Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын карап, талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин негизинде Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 05.04.2017-жылдагы № 31 буйругу менен түзүлгөн жер фондусун инвентаризациялоо жөнүндөгү жумушчу топ комиссиясынын 20-декабрь 2017-жылдагы Актысы бекитилсин.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн жер жана турак жай боюнча жетектөөчү адиси Э. Алымкуловго милдеттендирилсин.
Төрага:
А. Абдырахманов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентаризациялоо жөнүндө" токтомуПостановление · 03.03.2014 · № 114 · Күчүн жоготкон