# Таш-Булак айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 18-мартындагы № 05 «Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Эшме айылындагы 12,0 га жер тилкесин мамлекеттик менчикке алуу жөнүндө» токтому

- Толук аталышы: Таш-Булак айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 18-мартындагы № 05 «Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Эшме айылындагы 12,0 га жер тилкесин мамлекеттик менчикке алуу жөнүндө» токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 05
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.03.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/404144>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-42441/edition/872594/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Таш-Булак айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 18-мартындагы № 05 «Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Эшме айылындагы 12,0 га жер тилкесин мамлекеттик менчикке алуу жөнүндө» токтому (18.03.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/404144

---

ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ VI-ЧАКЫРЫК V СЕССИЯСЫ

2017-жылдын 18-марты № 05 «Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Эшме айылындагы 12,0га жер тилкесин мамлекеттик менчикке алуу жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын прокуратурасынын 2017-жылдын 13-март №11/1-7-319-17 сандуу сунушу, Ош областынын райондор аралык сотунун 2015-жыл 22-декабрындагы №АД-000526/15 сандуу чечими, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2016-жылдын 8-июлундагы №АД00526/15 МО К/О №6-635/16 АД аныктамасынын негизинде Таш-Булак айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу “Эшме” участкасынан Б.Батировго берилген 12,0га жер аянты мамлекеттик фонду жерлерин көп жылдык бак- дарак ээлеген жерлерине кайтарып баланска алынсын.

2. Керектелүүчү иш кагаздарын даярдоо жана каттоодон өткөрүү Таш-Булак айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Ташлановго милдеттендирилсин.

3. Мамлекеттик фондко алынган 12,0га жер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 29.06.2007-ж.№1997-III токтомунун негизинде пайдаланууга берүү айыл өкмөттүн башчысына милдеттендирилсин.

4. Мамлекеттик фондко алынган 12,0 жер аянтын каттоодон өткөрүү Сузак райондук мамлекеттик каттоо бөлүмүнөн суралсын.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөтүлсүн.

Төрага

Шермат уулу Алмаз
